> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Alibaba, Meta, Netflix, Google, Amazon Кыргызстанда «Google салыгын» төлөө талабын четке кагышууда
- URL: https://im.kg/all/2022/11/09/alibaba-meta-netflix-google-amazon-kyrgyzstanda-google-salygyn-t-l-talabyn-chetke-kagyshuuda/
- Published: 2022-11-09T17:25:29.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:11:53.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөлүк компанияларды аралыктан салыктык каттоодон өтүүгө жана республикада электрондук кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөчү болууга чакырат.**

Аралыктан каттоону Салык кызматынын [vat.salyk.kg](http://vat.salyk.kg/) сервиси аркылуу жүргүзүүгө болот. Каттоодон өткөндөн кийин, чет өлкөлүк уюм идентификациялык салык номерин жана жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алат.

Белгилей кетсек, Салык кызматы ушул жылдын ичинде бир катар ири уюмдардын, анын ичинде **Alibaba, Meta, Netflix, Google, Amazon** электрондук почталарына салыктык каттоодон өтүү жана КРда кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө ишке ашыргандык үчүн КНС төлөөчү болуу сунушу менен расмий каттарды жөнөткөн.

> Бирок, тилекке каршы аталган компаниялар бир нече ай бою Салык кызматынын “Google салыгын” төлөө талабын четке кагып келишкен.

Бүгүнкү күндө КРда электрондук кызматтарды көрсөткөн 18 чет өлкөлүк компания [www.vat.salyk.kg](http://www.vat.salyk.kg/) сервисинен КНС төлөөчү катары аралыктан каттоодон өткөн. Анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарында (4), Нидерландияда (3), АКШда (2), Улуу Британияда (2), Россияда (2), Ирландияда (1), Арменияда (1), Казакстанда (1), Кипрде (1), Латвияда (1) катталгандар.

- **“Google салыгы”** деп аталган КРда катталган, домендик аталышты же IP-дарегин пайдаланбастан электрондук кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдарды билдирет, алардын жеткирүүчү жери КРнын аймагы болуп таанылат. КНС ставкасы көрсөтүлгөн кызматтардын суммасынын 12% түзөт.

Эскерте кетсек, **Яндекс Go, Vaskiani Ventures limited** жана **Xsolla** компаниялары буга чейин 29 млн сом КНС төлөшкөн.