> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# БАЭ COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдү алып салды
- URL: https://im.kg/all/2022/11/09/bae-covid-19ga-bajlanyshtuu-chekt-l-rd-alyp-saldy/
- Published: 2022-11-09T18:02:49.000Z
- Updated: 2022-11-09T18:02:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**8-ноябрдан тарта Бириккен Араб Эмираттары коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөгө кирүүдөгү чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу “Манас” аэропорту билдирди.**

> Мындан ары БАЭге кирүү үчүн ПЧР-тестирлөөнүн жыйынтыгы же COVID-19га каршы эмдөө тууралуу күбөлүк (же анын көчүрмөсү) талап кылынбайт. 

Белгилей кетсек, 7-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарында беткап кийүү режими толугу менен жоюлган. Бирок БАЭ аркылуу үчүнчү өлкөлөргө бара жаткан жүргүнчүлөр жайгаша турган өлкөнүн талаптарын тактап алуусу зарыл.