> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто Кытай жараны өз жердешинин өмүрүн кыйды - жетекчиси көпкө чейин маянасын бербей жүргөн
- URL: https://im.kg/all/2022/11/09/oshto-kytaj-zharany-z-zherdeshinin-m-r-n-kyjdy-zhetekchisi-k-pk-chejin-mayanasyn-berbej-zh-rg-n/
- Published: 2022-11-09T10:14:51.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:08:30.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ош шаарында Кытай жараны өз жердешинин, тагыраак айтканда, жетекчисинин өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы билдирди.**

Ош ИИБ берген маалыматка ылайык, кечээ, 8-ноябрь күнү саат болжол менен 10.00 чамасында Ош шаарынын Алишер Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан “Пекин” мейманканасында Кытай Республикасынын жараны 1978-жылы туулган Д. Ж. Аттуу жараны адам колдуу болуп каза болгон. 

> “Бул өзгөчө оор кылмышка шектүү катары анын жердеши, Кытайдын 1980-жылы туулган жараны К. П. кармалды. Ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгын моюнуна алып, анын бул кылмышка баруусуна өз ара келишпестиктер себеп болгондугун билдирди. Тагыраак айтканда, шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, **маркум анын жетекчиси болуп, көп айлык кызмат акысын бербей жүргөн**. Бул көрсөтмсөлөр тергөө кызматы тарабынан текшерилип жатат”, – деп айтылат маалыматта. 

Адам өлтүрүү фактысы боюнча ыкчам тергѳѳ тобу барып, кароо жүргүзүлүп, маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Окуя боюнча ошол жерде жашашкан маркумдун жана шектүүнүн жердештери, башка күбөлөр суралышкан.

Ош шаардык ИИБ учурда иликтөө иштери уланып жатканын кошумчалады.