> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ушул сааттарда бардык банктар доллардын курсун бирдей коюшту
- URL: https://im.kg/all/2022/11/09/ushul-saattarda-bardyk-banktar-dollardyn-kursun-birdej-kojushtu/
- Published: 2022-11-09T10:23:38.000Z
- Updated: 2022-11-09T10:24:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда доллардын базар баасы август айынан бери биринчи жолу 83.5-84.5 сомго чейин көтөрүлгөндөн бери (сатып алуу-сатуу) ушул деңгээлде кармалууда.**

Бүгүн, 9-ноябрда саат 09:35ке карата Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларында доллардын курсу 83.5 сомду (сатып алуу) жана 84.5 сомду (сатуу) түзүп жатканын [valuta.kg](https://valuta.kg/) сайты маалымдады.

> Белгилей кетсек, ушул сааттарда бардык коммерциялык банктарда **доллардын курсу бирдей болуп**, 83.5 сомду (сатып алуу) жана 84.5 сомду (сатуу) түзүүдө.

Улуттук банктын 7-ноябрга карата расмий койгон курсу – 83.9981 сом.