> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекетке 10 млн сом төккөн чет өлкөлүк жаранга Кыргызстанда жашоого уруксат берилет
- URL: https://im.kg/all/2022/11/10/mamleketke-10-mln-som-t-kk-n-chet-lk-l-k-zharanga-kyrgyzstanda-zhashoogo-uruksat-berilet/
- Published: 2022-11-10T09:36:41.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:52:42.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында КРнын экономикасына салым кошкон чет өлкөлүк жарандарга жашап турууга уруксат берүү системасын жөнөкөйлөштүрүү чечими жактырылды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

Бул чечим аркылуу КРнын экономикасына **10 млн сомдон** ашык салым кошкон чет өлкөлүк жарандар үчүн убактылуу жашоого уруксаты боюнча материалдарды кароо мөөнөтү кыскартылат.

> Ошол эле учурда КРнын экономикасына **10 млн сомдон** ашык инвестиция салган чет өлкөлүк жаранга (КР менен чектеш өлкөлөрдүн жарандарынан тышкары) жашоого уруксат өтүнмө берилгенге чейин 6 айдан кем эмес мөөнөткө милдеттүү түрдө жашоо талабысыз уруксат берилет. 

Белгилей кетсек, “Тышкы миграция жөнүндө” КРнын мыйзамына ылайык, убактылуу жашоого уруксат КРга 6 айдан ашык мөөнөткө келген КРда мыйзамдуу жашоо булагына ээ чет өлкөлүк жаранга, же жарандыгы жок адамга берилиши мүмкүн:

- ишке уруксаты менен бирге эмгек келишими боюнча иштөөгө
- окуу жайдын өтүнүч каты боюнча окуу жайда окууга;
- инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген өтүнүч каттын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн.