> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МИК фондулук рынок аркылуу 1.5 млрд сом тартууга аракет кылат
- URL: https://im.kg/all/2022/11/10/mik-kajradan-fonduluk-rynok-arkyluu-1-5-mlrd-som-tartuuga-araket-kylat/
- Published: 2022-11-10T17:13:03.000Z
- Updated: 2022-11-10T17:14:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жалпы суммасы 1 млрд 475 млн 300 миң сомду түзгөн 14 миң 753 нускадагы акциялардын он төртүнчү чыгарылышын жайгаштырды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.**

КФБ 1-ноябрда МИКтин акцияларынын он төртүнчү чыгарылышынын жыйынтыгы жарактуу деп таанылып, баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу киргизилгенин белгилейт.