> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Москвада кыргызстандык жарандардын 4 млн долларын уурдап кетишти
- URL: https://im.kg/all/2022/11/10/moskvada-kyrgyzstandyk-zharandardyn-4-mln-dollaryn-uurdap-ketishti/
- Published: 2022-11-10T17:58:41.000Z
- Updated: 2022-11-10T17:58:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Москвадагы “Домодедово” аэропортунда белгисиз эки адам Кыргызстандын эки жаранынын 4 млн АКШ долларын тоноп кетишкенин россиялык басылмаларга шилтеме берүү менен “Кабар” агенттиги билдирди.**

Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, Москвага бизнесин каттоо үчүн барган жарандардын акчасын уурдагандар кылмыш болгон жерден качып кетишкен жана учурда полиция аларды издеп жатат. 

“Москва” агенттиги кылмышкерлер Lexus жана Land Cruiser үлгүсүндөгү унааларды уурдап кетип, аларды токойго таштап, өздөрү Chevrolet Tahoe үлгүсүндөгү жол тандабас менен качып кетишкенин тастыктаган.