> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери 61 миң жаран пенсияга чыкты
- URL: https://im.kg/all/2022/11/10/zhyl-bashynan-beri-61-mi-zharan-pensiyaga-chykty/
- Published: 2022-11-10T11:48:09.000Z
- Updated: 2022-11-10T11:48:27.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Соцфонд 2022-жылдын январь-октябрь айларында 61 миң 145 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.**

> Ал эми 2022-жылы октябрь айында 3009 жаранга пенсия чектелген. Андан тышкары, Соцфонд эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 986 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык, пенсиялар кайрадан эсептелингенин айтат.

Белгилей кетсек, 1-сентябрга карата **[733 миң 380 адам](http://localhost/info-portal/news/2022/11/04/astybyzdagy-e-kyjyn-reforma-socfonddu-pensiyalyk-fond-kylyp-z-nch-b-l-akylbek-zhaparov/)** пенсия алат, быйыл пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго, камсыздандыруу бөлүгү 15%га өскөн.