> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аймактар боюнча көмүрдүн баасы белгиленди
- URL: https://im.kg/all/2022/11/11/ajmaktar-bojuncha-k-m-rd-n-baasy-belgilendi/
- Published: 2022-11-11T10:07:24.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:22:45.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин 2-ноябрдагы “КР аймактарында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында көмүрдүн жогорку баалары белгиленди. Бул тууралуу Монополияга каршы агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.**

Стационардык пункттарда жана отун базаларында, ошондой жергиликтүү администрациялар тарабынан атайын бөлүнгөн жайларда сатылуучу Кыргызстанда чыккан көмүрдүн бааларынын жогорку чеги облустар, райондор, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленди:

- Бишкек шаарында жана Чүй облусунда – тоннасы 4000 сомдон.
- Нарын облусунда – тоннасы 2200дөн (Жумгал району) 4000 сомго чейин.
- Ош облусунда – тоннасы 4000 сомдон 6500 сомго чейин.
- Жалал-Абад облусунда – тоннасы 4000 сомдон 6000 сомго чейин.
- Ысык-Көл облусунда – тоннасы 3600 сомдон 5500 сомго чейин.
- Талас облусунда – тоннасы 6300 сомдон 6800 сомго чейин.
- Баткен облусунда – тоннасы 4000 сомдон 8000 сомго чейин.

Ошондой эле, учурда Монополияга каршы мамлекеттик орган Казакстандан ташылып келүүчү көмүрдүн баасынын максималдуу чегин тактоо боюнча иш жүргүзүп жатканы маалым болду.

**Тактай кетсек, облустарда жана райондордо көмүр бул тизмеде көрсөтүлгөн баалардан өйдө сатылбашы керек:** 

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/Snimok1.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/Snimok1.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/Snimok2.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/Snimok2.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/Snimok3.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/Snimok3.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/Snimok4.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/Snimok4.jpg)