> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстанда ишин баштады
- URL: https://im.kg/all/2022/11/11/el-aralyk-valjuta-fondunun-missiyasy-kyrgyzstanda-ishin-bashtady/
- Published: 2022-11-11T09:00:00.000Z
- Updated: 2022-11-10T21:29:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эл аралык валюта фондунун миссиясы (ЭВФ)** **Кыргызстанда ишин баштады. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.**

Эл аралык Валюта Фондунун Николоз Гигинеишвили башында турган миссиясы 9-ноябрдан 22-ноябрга чейин КРда расмий иш сапар менен болот. 

> ЭВФ миссиясынын иш сапарынын максаты – ЭВФ макулдашуусунун IV статьясына ылайык, КР үчүн консультацияларды өткөрүү болуп саналат. 

Иш сапардын жүрүшүндө КР министрлер кабинетинин, КР Улуттук банкынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт. 

> “Визиттин биринчи күнүндө Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаев ЭВФ командасы менен жолугушуусун өткөрдү. Анын жүрүшүндө тараптар ө**лкөдөгү макроэкономикалык абалды, тышкы жана банк секторун**, ошондой эле тиешелүү саясат чараларын талкуулашты”, – деп айтылат башкы банктын билдирүүсүндө.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/314671451_521325636706058_2074385308506157733_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/314671451%5F521325636706058%5F2074385308506157733%5Fn.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/315230230_521325646706057_7854133137325242348_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/315230230%5F521325646706057%5F7854133137325242348%5Fn.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/315209997_521325600039395_5359675966941894486_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/315209997%5F521325600039395%5F5359675966941894486%5Fn.jpeg)