> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда эки күн электр энергиясы чектөө менен берилет - Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегаты ишке киргизилүүдө
- URL: https://im.kg/all/2022/11/11/kyrgyzstanda-eki-k-n-elektr-energiyasy-chekt-menen-berilet-toktogul-gesinin-ekinchi-gidroagregaty-ishke-kirgizil-d/
- Published: 2022-11-11T09:32:47.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:35:30.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 10-11-ноябрда өлкө боюнча электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилет, бирок бир сааттан ашык эмес, эртең мененки жана кечки убакта. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында «Электр станциялары» ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев билдирди.**

Айдаралиев чектөөлөр 11-ноябрда Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эртелете ишке киргизүү менен байланыштуу деп түшүндүрдү.

> «Агрегатты 15-ноябрда ишке киргизмекпиз. Бирок сууктан улам ишти тездетип, N2 гидроагрегатты 11-ноябрда ишке берүү чечими кабыл алынган. Буга байланыштуу керектөө күчөгөн таңкы жана кечки сааттарда электр энергиясын берүүгө чектөөлөр киргизилет. Бирок кыска убакытка гана. Бул чектөөлөр жаңы гидромеханикалык жабдууларды сыноо процесси менен байланыштуу. 11-ноябрдан кийин баары кадимкидей иштейт», – деди Айбек Айдаралиев.

Ноябрь айынын аягында Токтогул ГЭСинин N4 гидроагрегатын ишке киргизүү пландалып жатканын Айдаралиев кошумчалай кетти. Бул мезгилде да электр энергиясын берүү чектелиши мүмкүн.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкөдө массалык түрдө электр жарыгын өчүрүү [катталган](http://localhost/info-portal/news/2022/11/10/krnyn-energetika-sistemasy-zh-kt-k-t-r-albady-lk-d-massalyk-ch-r-l-r-kattaldy/) эле.