> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккендердин 19 млн сомдук кредиттери кечилди
- URL: https://im.kg/all/2022/11/11/tazhikstandyn-kol-saluusunan-zhapa-chekkenderdin-19-mln-somduk-kreditteri-kechirildi/
- Published: 2022-11-11T17:55:11.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:23:06.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**3-ноябрга карата Тажикстандын аскердик чабуулунан жапа чеккен 433 насыя алуучу финансы-кредиттик уюмдарга кайрылган. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.**

> Регулятордун маалыматы боюнча, **19 млн сомдук** 274 насыя кечилип, **27.4 млн сомдук** 122 кредит реструктуризацияланган.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылыштан жабыркаган финансы-кредиттик уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү максатында 6-октябрда кабыл алынган токтомдун аткарылышын Улуттук банк көзөмөлдөп келет.

Учурда ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.