> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде миллиондор айланууда - УКМК 2.7 млн долларды мамлекетке кайтарды
- URL: https://im.kg/all/2022/11/14/batkende-milliondor-ajlanuuda-ukmk-2-7-mln-dollardy-mamleketke-kajtardy/
- Published: 2022-11-14T17:30:13.000Z
- Updated: 2022-11-14T17:31:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМК тарабынан контрабандага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп** 
**жаткан ыкчам иш-чаралардын алкагында, [Баткенде экономикалык аткезчилик менен алектенгендер](http://localhost/info-portal/news/2022/10/17/batkende-tazhikstandan-2-7-mln-dollar-atkezchilik-zhol-menen-alyp-kelgen-zharan-karmaldy/) кармалган.** 

5-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айылында Т.А.М. аттуу КРнын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалган.  

> Унааны тинтүү учурунда КР аймагына коңшу мамлекеттен мыйзамсыз алынып келинген 6 брикет желим баштыктарга скотч менен оролгон **2 млн 750 миң АКШ доллары** өлчөмүндө накталай акча каражаты табылган.  

Бул факты боюнча КР УКМКнын Баткен облусу боюнча  
башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын 16-октябрында кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында экономикалык аткезчилик менен алектенген адамдар аныкталып, Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Баткен райондук сотунун өкүмү менен бул акча каражаттарын ташууну уюштурууга катышкан КРнын жарандары К.Р.О., К.Н.Б., К.К.К., С.Ж.Н., Б.Е.А. жана Т.А.М. кылмышты жасагандыгы  
үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине **150 миң сомдо**н айып салынган жана 2 млн 750 миң доллар (227 млн 186 миң 850 сом)  
**мамлекетке чегерилген**.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/WhatsApp-Image-2022-11-14-at-17.00.09.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/WhatsApp-Image-2022-11-14-at-17.00.09.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/WhatsApp-Image-2022-11-14-at-17.00.09-2.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/WhatsApp-Image-2022-11-14-at-17.00.09-2.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/WhatsApp-Image-2022-11-14-at-17.00.09-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/WhatsApp-Image-2022-11-14-at-17.00.09-1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/WhatsApp-Image-2022-11-14-at-17.00.08.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/WhatsApp-Image-2022-11-14-at-17.00.08.jpeg)