> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Доллар ордунда, евронун курсу көтөрүлүп баштады
- URL: https://im.kg/all/2022/11/14/dollar-ordunda-evronun-kursu-k-t-r-l-p-bashtady/
- Published: 2022-11-14T10:09:07.000Z
- Updated: 2022-11-14T10:12:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 14-ноябрга карата Кыргызстанда доллардын рыноктук курсу 83.5-84.5 сом болууда (сатып алуу-сатуу).**

[Valuta.kg](https://valuta.kg/) сайты маалымдагандай, эртең менен саат 10.00гө карата Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын орточо курсу **83.5 сомду (сатып алуу) жана 84.5 сомду (сатуу**) түздү. Коммерциялык банктар да доллардын курсун бүгүн бирдей коюшту.

> Белгилей кетчү нерсе, евронун наркы көтөрүлүүдө. 1 евронун алуу курсу – 86.5 жана сатуу – 87.5 сомдон болууда. Ал эми комбанктарда сатуу курсу **88 сомго чейин** жетүүдө.

Улуттук банктын 14-ноябрга карата койгон доллардын расмий курсу 83.2-84.3 сомду түздү. Ал эми евро – алуу 84.1, сатуу – 86.5 сом.