> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР Эмгек министрлигинин Москвада өкүлчүлүгү ачылды - «Жүк-200», жумуш маселесин карайт
- URL: https://im.kg/all/2022/11/14/kr-emgek-ministrliginin-moskvada-k-lch-l-g-achyldy-zh-k-200-zhumush-maselesin-karajt/
- Published: 2022-11-14T17:12:39.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:59:48.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россияда, Москва шаарында миграция жана жарандарга мыйзамдуу ишке орношууга жардам берүү боюнча Өкүлчүлүктүн ачылганын кабарлады.**

Өкүлчүлүктө кыргызстандыктар Россиянын жумуш берүүчүлөрүн издөөдө жана ишке орноштурууда, тандоодо жана байланыш түзүүдө, жарандарды ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүүдө жардам ала алышат. 

> “Ал жерден эмгек миграциясы, Россиянын миграциялык жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңеш алууга болот. Кызматкерлер мекендештердин коомдук уюмдарына көмөк көрсөтүшөт”, – дейт министрлик. 

Мындан тышкары, өкүлчүлүккө элчиликтин төмөнкү функциялары берилген:

- КРын жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу менен байланышкан бир жолку төлөмдөр боюнча жарандардын арыздарын кабыл алуу жана кароо
- иш берүүчүлөр менен эмгек талаш-тартыштары боюнча, анын ичинде эмгек акыларын төлөбөй коюу боюнча жарандардын арыздарын кабыл алуу жана кароо.

Өкүлчүлүк КРнын Россиядагы элчилигинен 700 метр аралыкта жайгашкан. Дареги: Москва ш., Малая Полянка көч., 7 курулуш 5 (метро Октябрьская (400 м.) метро Полянка (300 м.)