> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда инвестициянын өсүшү бир жылда болгону 1%ды түздү
- URL: https://im.kg/all/2022/11/14/krda-investiciyanyn-s-sh-bir-zhylda-bolgonu-1-dy-t-zd/
- Published: 2022-11-14T09:17:19.000Z
- Updated: 2022-11-14T09:20:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү 97.3 млрд сомду түздү, тагыраак айтканда, жыл ичинде 1%га гана өскөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

Инвестициянын көлөмүнүн өсүшү каржылоонун тышкы булактарын 7.7%га көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынган. Ал эми ички булактардын көлөмү, тескерисинче, 0.7%га азайган.

Инвестициялардын 81%дан ашыгы **тоо-кен казып алуу** өнөр жайынын объектилерин курууга, өндүрүшкө, электр энергиясы, газ, буу жана абаны кондициялоо менен камсыздоо, транспорттук ишмердүүлүк жана товарларды сактоо, маалымат жана байланыш, ошондой эле турак жай курулушуна келген.