> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Тянь-Шань Керамик» ЕАЭБ алкагында тарифтик жеңилдиктерди алат
- URL: https://im.kg/all/2022/11/14/tyan-shan-keramik-eaeb-alkagynda-tariftik-zhe-ildikterdi-alat/
- Published: 2022-11-14T11:16:58.000Z
- Updated: 2022-11-14T11:17:00.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Инвестици боюнча агенттик «Тянь-Шань Керамик» ЖЧКсын керамогранит плиткаларын чыгаруу боюнча экинчи этаптын алкагында инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизди. Бул тууралуу агенттигинин маалымат кызматы билдирди.**

Инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы керамикалык плиткаларды чыгарууну жана өндүрүүнү камтыйт. Экинчи линияны ишке киргизүү жогорку сапаттагы фарфор плиткаларын чыгарууну камсыз кылат. “Тянь-Шань Керамиктин” жумушчуларынын саны 400 кызматкерге чейин көбөйөт.

> Заводдун курулушуна жеке инвесторлор тарабынан **50 млн доллар** бөлүнгөн.”Тянь-Шань керамик” КРдагы керамикалык плитканы чыгарган жалгыз завод болуп саналат. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында ишкана өлкө бюджетине 85 млн сомдон ашык, 2021-жылы 96 млн сомдон ашык каражат которгон.

Тянь-Шань керамикалык буюмдар Россияга, Казакстанга экспорттолуп, Кыргызстандын ички рыногуна да сатылат.

---

**Маалымат:**

Инвестициялык долбоорлордун реестри «Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү бажы-тарифтик жөнгө салуу жөнүндө» Бажы биримдигинин комиссиясынын чечими менен белгиленген тарифтик жеңилдиктерди берүүнү камтыйт.