> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Англияга сезондук жумуштарга баруу үчүн суроолоруңузду берсеңиз болот - call-борбор иштейт
- URL: https://im.kg/all/2022/11/15/angliyaga-sezonduk-zhumushtarga-baruu-ch-n-surooloru-uzdu-berse-iz-bolot-call-borbor-ishke-kirdi/
- Published: 2022-11-15T15:20:31.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:48:43.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору акысыз сурап-билүү телефонун ишке киргизип жатканын билдирди.**

Аталган call-борбордон Улуу Британиянын Айыл чарба сезондук жумуштарынын мамлекеттик программасынын алкагында миграция маселелери боюнча акысыз түз байланышып, суроолорго жооп алууга болот. Ишеним телефону бардык каалоочулар үчүн керектүү маалыматты тактоого жеткиликтүү. 

Жеткиликтүү ишеним телефону: 

- Онлайн форматта WhatsApp, Telegram
- телефон аркылуу: **+996 220 230 064.**

> “[AGRI-HR](https://www.agri-hr.com/kr/index.html) ишке орноштуруу программасы боюнча жалгыз расмий оператор болуп саналат. Алдамчыларга чалынып калуудан сак болуңуз”, – дейт Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору.