> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте санитардык нормаларды бузган бир катар компаниялар жоопко тартылат - тизмеси
- URL: https://im.kg/all/2022/11/15/bishkekte-sanitardyk-normalardy-buzgan-bir-katar-kompaniyalar-zhoopko-tartylat-tizmesi/
- Published: 2022-11-15T09:43:18.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:28:52.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек шаардык мэриясы санитардык нормаларды бузган бир катар компанияларды жоопко тарткандыгын билдирди.** 

> Тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык, Жал кичи районундагы **“Ата Бей Групп”** курулуш компаниясы, **“Партнер Ойл”** **ЖЧКсы**, Поваренская көчөсүндөгү **“Алтын курулуш”** компаниясы, **“Кут”** курулуш компаниясы, Лущихин көчөсүндөгү **“Фами Кола”** компаниясы көчөдөгү антисанитардык абал үчүн жоопко тартылышты.

Андан тышкары, жакында төмөнкү компаниялар жоопко тартылышат:

- “Аалам”ишканасы
- “Арай” ишканасы
- “Элит Газ” ишканасы
- “Гемотест KG” ишканасы.

Ошондой эле, муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү боюнча эрежелерди бузуунун бардык катталган фактылары боюнча тартип бузгандардын күнөөсүн мойнуна алган-албаганына карабастан, жаза колдонуу жөнүндө протоколдор түзүлөрүн эскертет.