> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кемпир-Абад боюнча макулдашуу Жогорку Кеңештин комитетинде бүгүн каралышы мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2022/11/15/kempir-abad-bojuncha-makuldashuu-zhogorku-ke-eshtin-komitetinde-b-g-n-karalyshy-m-mk-n/
- Published: 2022-11-15T10:31:10.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:26:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү боюнча макулдашууну карашы мүмкүн.**

Бирок ошол эле учурда документ расмий күн тартибине кирген эмес жана ЖКнын сайтында да маалымат берилген жок.

Белгилей кетсек, кечээ тиешелүү комитеттердин айрым жыйындары түз эфирге алынып, көрсөтүлгөн эмес.

> Ошол эле учурда Өзбекстандын парламенти 14-ноябрда буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча мыйзам долбоорун ратификациялаган. Аны бир эле учурда үч окууда 100дөн ашык депутат колдоп берген.

Парламент жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов чек ара кылдаттык менен ченелип, өкмөттөр аралык жолугушуулар өтүп, архивдик документтер каралып жатканын айтты.

> «Биз бул келишимге беш жылдан ашык убакыт жумшадык. Келишим биз үчүн оңой болгон жок. Кол коюлган документ биздин республика үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бир катар көйгөйлөрдү чечет», – деди Өзбекстандын премьер-министри.