> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кемпир-Абад маселеси комитетте каралууда - депутаттарга долбоор боюнча тиркемелер толук берилген жок
- URL: https://im.kg/all/2022/11/15/kempir-abad-maselesi-komitette-karaluuda-deputattarga-dolboor-bojuncha-tirkemeler-toluk-berilgen-zhok/
- Published: 2022-11-15T18:19:27.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:26:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 15-ноябрда ушул сааттарда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=TC0B7tj8o2U) Кемпир-Абад боюнча макулдашуунун долбоору каралууда.**

Жыйында депутаттар кыргыз бийлиги долбоор боюнча материалдарды толук бербегенин айтып, нааразы болушту.

> “Келишимде “тиркеме-1, тиркеме-2, тиркеме-3 келишимдин ажыратылгыс бөлүгү” деп жазылып турат, мен алган материалдарда айтылган тиркемелер жок”, – деди депутат Талант Мамытов.

Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев чоң карта болгондуктан, бир эле экземпляр келгенин айтты.

> “90 депутат бар, ар бирине маалымат жетиш керек. Материалдар жок болсо, бир материалды 90 депутат келип талашып караш керекпи. Тиркемелер жок”, – деди депутат.