> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Дүйшөмбүдө протоколго кол коюлду
- URL: https://im.kg/all/2022/11/15/kyrgyz-tazhik-chek-arasyn-delimitaciyaloo-zhana-demarkaciyaloo-bojuncha-d-jsh-mb-d-protokolgo-kol-kojuldu/
- Published: 2022-11-15T10:41:10.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:16:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмеси өттү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.**

КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстан Республикасынын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында КРнын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги кеңешмеси болуп өттү. 

> “Кеңешменини жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Тараптар кийинки кеңешмени КРнын аймагында өткөрүүнү макулдашышты”, – деп айтылат маалыматта. 

Минкабдын маалымат кызматы жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү манаайында өткөнүн белгиледи.