> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ушул сааттарда Жогорку Кеңештин комитети Кемпир-Абад боюнча макулдашуу долбоорун карап жатат
- URL: https://im.kg/all/2022/11/15/ushul-saattarda-zhogorku-ke-eshtin-komiteti-kempir-abad-bojuncha-makuldashuu-dolboorun-karap-zhatat/
- Published: 2022-11-15T17:35:00.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:41:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=TC0B7tj8o2U) Кемпир-Абад боюнча макулдашуунун долбоору карала баштады.** 

Белгилей кетсек, кечээ 14-ноябрда Өзбекстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациялаган. Аны бир эле учурда үч окууда 100дөн ашык депутат колдоп берген.

Парламент жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Өзбекстандын премьер-министри **Абдулла Арипов** чек ара кылдаттык менен ченелип, өкмөттөр аралык жолугушуулар өтүп, архивдик документтер каралып жатканын айткан.

Бүгүн болсо Кыргызстанда ушул сааттарда тиешелүү комитетте чек ара боюнча макулдашуунун долбоору каралууда.