> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 35 млн сом боюнча кылмыш иши козголгон «Кыргызкөмүрдүн» мурдагы директору Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2022/11/16/35-mln-som-bojuncha-kylmysh-ishi-kozgolgon-kyrgyzk-m-rd-n-murdagy-direktoru-energetika-ministrinin-orun-basary-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2022-11-16T10:00:31.000Z
- Updated: 2023-05-30T09:41:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мирлан Жакыпов Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.**

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Жаңы дайындалган министрдин орун басары буга чейин «Кыргызкөмүр» МИнин директору болчу.

Эскерте кетсек, Жакыпов «Кыргызкөмүрдүн» директору болуп турган учурунда 2016-жылы ага карата **4 берене боюнча кылмыш иши** козголуп, премьер-министрдин 2016-жылдын 17-январындагы буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулуп, кийин кайрадан аталган ишкананын директорлук кызматына отурган.

> Анда Жакыповго мамлекетке **35 млн сомдук** зыян келтирген деген финансылык мыйзам бузуу боюнча айып тагылган.

---

Белгилей кетсек, 24-октябрда дайындалган Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков да **“Теңир-Тоо Энерго” ЖЧК**, **“Каскад ГЭС” ЖЧК**, **“Энерго-Security”**, **“Энерготранзит**“, **“Ак-Сай Голд Компани” ЖЧК** деп аталган [5 компанияга ээлик кылат](http://localhost/info-portal/news/2022/10/26/kaskad-ges-te-ir-too-energo-zha-y-dajyndalgan-energetika-ministrinin-orun-basary-5-kompaniyaga-eelik-kylat/).