> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Англияга сезондук жумуштарга баруунун талаптары кандай? - жол-жобосу
- URL: https://im.kg/all/2022/11/16/angliyada-sezonduk-zhumushtarga-baruunun-talaptary-kandaj-zhol-zhobosu/
- Published: 2022-11-16T16:43:23.000Z
- Updated: 2022-11-16T16:43:41.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Англияда сезондук жумуштарга баруунун талаптары тууралуу маалымат берди.**

**Ал коюлган талаптарга ылайык:**

- Сиз Кыргыз Республикасынын жараны болушуңуз керек
- 8-48 жаш курагында болушуңуз керек (эркектер, аялдар, жубайлар)
- 2 жылдан кем эмес жарактуу эл аралык паспортуңуз бар болушу зарыл
- Жакшы физикалык формада болууга, чыдамкайлыкка, ар кандай аба ырайынын шарттарында талаада физикалык иштөөгө даяр болушуңуз керек
- Буга чейин Улуу Британиянын жана башка өлкөлөрдүн миграция мыйзамдарында, ошондой эле ЕБ өлкөлөрүнөн депортация учурлары менен көйгөйлөр болбошу керек
- Англис тилин билүү талап кылынбайт, бирок жумушка орношууда чоң артыкчылык болот
- Кыргыз Республикасында соттолбогон болушуңуз керек
- Ден соолук көйгөйлөрүнүн жоктугу: алкоголдук же баңгилик, вирустук оорулар ж.б.
- Айыл чарба тармагында иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

**Жеткиликтүү ишеним телефону:**

- Онлайн форматта WhatsApp, Telegram
- телефон аркылуу: **+996 220 230 064.**

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/315616719_530468325609693_3886915916126609986_n.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/315616719%5F530468325609693%5F3886915916126609986%5Fn.jpeg)