> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Күз-кыш мезгилин өтүүгө Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1.5 млн тонна көмүр керектелет
- URL: https://im.kg/all/2022/11/16/k-z-kysh-mezgilin-t-g-bishkek-zhebine-zhalpysynan-1-5-mln-tonna-k-m-r-kerektelet/
- Published: 2022-11-16T11:31:28.000Z
- Updated: 2022-11-16T11:32:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек ЖЭБине жалпысынан 1.5 млн тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу «Электр станциялар» ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев тармактын комитеттин көчмө жыйынында билдирди.**

Айдаралиев Бишкек ЖЭБинин күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча учурдагы абалды туруктуу деп мүнөздөдү. Анын айтымында, Бишкек ЖЭБине жалпысынан **1.5 млн тонна көмүр** керектелет, анын ичинен 400 миң тоннасы импорттук көмүр, 1 млн 100 миң тоннасы кыргыз көмүр, анын 1 млн 50 миңи Кара-Кече кенинен, 50 миңи Таш-Көмүр кенинен алып келинет. 

> «Бүгүнкү күндө ЖЭБге пландалган **353.1 миң тоннадан 275.3 миң** тонна көмүр келип түштү. ЖЭБдин отканаларында күн сайын 7 миң 600 тоннага жакын көмүр жагылат», – деген Айдаралиев отказандык жабдууларды жана жылуулук тармактарын оңдоо иштери аяктагандыгын ырастады.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров бул жылы Кара-Кече көмүрүнө артыкчылык берилерин жана ал жерден быйыл [1.5 млн тонна көмүр казуу](http://localhost/info-portal/news/2022/05/17/kyrgyzstan-byjyl-k-m-rd-importtoogo-ketken-32-mln-dollardy-n-md-p-kara-kechege-artykchylyk-beret/) пландалып жатканын билдирген болчу.