> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай 60%, Кыргызстан 40% үлүшкө ээ айыл чарба техникаларын чогулткан ишкана түзүлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/11/16/kytaj-60-kyrgyzstan-40-l-shk-ee-ajyl-charba-tehnikalaryn-chogultkan-ishkana-t-z-l-t/
- Published: 2022-11-16T14:58:31.000Z
- Updated: 2022-11-16T14:58:33.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=AJUYGu5-ar8&t=1629s) КР Кытай менен биргеликте айыл чарба техникаларын чыгарган ишкана түзүү боюнча долбоордун финансылык маселеси каралды.**

Жыйында баяндама жасаган Финансы министринин орун басары **Жибек Дүйшеева** комитеттен республикалык бюджеттен кыргыз-кытай биргелешкен ишкананы уставдык капиталына салуу үчүн **2 млн доллар** каражат бөлүп берүү боюнча макулдашууну колдоп берүүнү суранды.

> “Бул долбоордун алкагында кытайлык компания менен айыл чарба техникасын чыгарган биргелешкен ишкана түзүү каралууда”, – деди ал. 

Комитеттин төрагасы бул керектүү долбоор экенин айтып, колдоп берүүнү суранды.

> “Долбоордун 12 млн долларын Кытай тарап каржылап, өзүнүн жабдууларын алып келгени жатат, Кыргызстан имаратын 4 млн долларга баалап берген жана 2 млн доллар накталай акча менен берет. Ошентип Кыргызстан 40% үлүшкө отурат”, – деди ал.

Ошондой эле Төлөнов Кыргызстан **5 жылда 40%га**, андан кийин тескерсинче, Кытай 60%га, КР 40% үлүшкө ээ болорун кошумчалады.

> “Бизге түшкөн үлүштөн Кыргызстан техниканы алып, аны кайрадан лизингге дыйкандарга берет”, – деген комитеттин төрагасы ишканада негизги техникалар чогултуларын белгиледи.

[](https://www.youtube.com/c/%D0%96%D0%BE%D0%B3%D0%BE%D1%80%D0%BA%D1%83%D0%9A%D0%B5%D0%BD%D0%B5%D1%88)