> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров эртең Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралган жыйынына катышат
- URL: https://im.kg/all/2022/11/16/sadyr-zhaparov-erte-zhogorku-ke-eshtin-kyrgyz-zbek-chek-ara-maselesi-karalgan-zhyjynyna-katyshat/
- Published: 2022-11-16T17:29:39.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:21:49.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров эртең, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек арасы каралган жыйынга катышат. Бул тууралуу президенттин кабарчысы Эрбол Султанбаев билдирди.**

Парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү мамлекет башчысынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет.

> “Мындан тышкары, жыйында **Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралары күтүлүүдө**“, – дейт Султанбаев.

Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук каналдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларында көрсөтүлөт. Башталышы — саат 10:00.