> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк акча алмаштыруучу жайларга жана банктарга көзөмөлдү күчөттү – лицензияларын алып, айып пул салууда
- URL: https://im.kg/all/2022/11/16/uluttuk-bank-akcha-almashtyruuchu-zhajlarga-zhana-banktarga-k-z-m-ld-k-ch-tt-licenziyalaryn-alyp-ajyp-pul-saluuda/
- Published: 2022-11-16T11:18:08.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:48:07.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк банктардын жана акча алмаштыруу жайларынын ишине көзөмөлүн күчөттү. Регулятор мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн текшерүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди.**

Мыйзам бузуулар аныкталган учурда Улуттук банк тиешелүү чараларды көрөрүн белгиледи. Ошондой эле укук коргоо органдары менен бирдикте лицензиясы жок алмашуу операцияларын жүргүзгөн жарандарды жоопко тартат.

> Өлкөнүн башкы банкы КРнын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн **эки алмашуу бюросунун** ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. 

Мындан тышкары, мыйзам бузуулар үчүн беш акча алмаштыруу бюросунун лицензиялары ар кандай мөөнөткө – 2022-жылдын 12-ноябрынан 26-ноябрына чейин токтотулган.

Ошондой эле, жөнгө салуучу орган 22-ноябрдан тарта «Экспо Мани» ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жайынан нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна ээ лицензиясын жокко чыгарды.