> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен жана Оштун жабыркаган тургундарынын дээрлик 20 млн сомдук кредити жоюлду
- URL: https://im.kg/all/2022/11/17/batken-zhana-oshtun-zhabyrkagan-turgundarynyn-deerlik-20-mln-somduk-krediti-zhojuldu/
- Published: 2022-11-17T17:36:59.000Z
- Updated: 2022-11-17T17:38:03.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүп, натыйжада, дээрлик 20 млн сомдук кредиттер жоюлду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.**

 ФКУдан алынган маалыматтар боюнча, 2022-жылдын 10-ноябрына карата финансы-кредит уюмдарына (ФКУ) 443 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен **19 млн 370 миң сом суммасында 280 кредит** эсептен алынып салынган, 28 млн 836 миң сом суммасында 138 кредит реструктуризацияланган. 

Ошондой эле Улуттук банк ФКУ банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүп жатканын маалымдады.