> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте Кемпир-Абаддын жеринин Өзбекстанга берилиши боюнча нааразылык акция өтүүдө
- URL: https://im.kg/all/2022/11/17/bishkekte-kempir-abaddyn-zherinin-zbekstanga-berilishi-bojuncha-naarazylyk-akciya-t-d/
- Published: 2022-11-17T15:35:17.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:29:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**17-ноябрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы нааразылык акция өтүп жатат. Бул тууралуу [“Азаттык”](https://d1h70wote14taw.cloudfront.net/a/32134769.html) билдирди.**

Маалыматка таянсак, жыйырма чакты киши Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырышты.

Ушундай эле талап коюлган акция Ош облусунун **Өзгөн** районунун акимчилигинин алдында да өтүп жатат.

Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.