> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эски үлгүдөгү ККМдерди колдонгондорго Жаңы жылдан баштап 23 миң сомдон айып салынат
- URL: https://im.kg/all/2022/11/17/eski-lg-d-g-kkmderdi-koldongondorgo-zha-y-zhyldan-bashtap-23-mi-somdon-ajyp-salynat/
- Published: 2022-11-17T12:33:37.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:12:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жаңы талаптарга ылайык, фискалдык модулдук функциясы жок контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) 2022-жылдын 31-декабрына чейин гана колдонууга болорун Мамлекеттик салык кызматы эскертет.**

2022-жылдын 1-майына чейин катталган жана колдонулуп жаткан ККМдин эски моделдери белгиленген техникалык талаптарга жооп бербегендиктен, аларды **2023-жылдын 1-январына чейин алмаштыруу** (модернизациялоо) зарыл.

> 2023-жылдын 1-январынан тартып белгиленген техникалык талаптарга жооп бербеген ККМ салык органдары тарабынан мажбурлоо жолу менен эсептен чыгарылат.

> КРнын мыйзамдарына ылайык, белгиленген талаптарга жооп бербеген ККМди пайдалангандыгы үчүн **23 миң сом өлчөмүндө административдик айып** каралган.

Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин колдонуудагы ККМди модернизациялоого же жаңылоого чакырат.