> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кемпир-Абад Өзбекстанга кетет - мыйзамды Жогорку Кеңеш ратификациялады
- URL: https://im.kg/all/2022/11/17/kempir-abad-zbekstanga-ketet-dolboor-zhogorku-ke-eshten-ratifikaciyadan-tt/
- Published: 2022-11-17T15:56:37.000Z
- Updated: 2022-11-17T18:01:22.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору үч окууда жактырылды.**

> Депутаттар бир эле учурда үч окууда добуш беришти. «Макул» деп 64 депутат добуш беришсе, 19 депутат каршы болду.

Жыйын президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Ошондой эле мыйзам эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Мыйзамга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы **4 485 гектар** жер Өзбекстанга өтөт, анын ордуна КРнын картасы 15 500 га жерге чоңоет, ал эми сууну болсо эки өлкө биргелешип башкарышат.