> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Медиага басым - бийлик «Азаттык Медиага» парламенттин ишин чагылдырууга убактылуу тыюу салды
- URL: https://im.kg/all/2022/11/17/mediaga-basym-bijlik-azattyk-mediaga-parlamenttin-ishin-chagyldyruuga-tyjuu-saldy/
- Published: 2022-11-17T09:45:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:50:51.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргыз бийлиги «Азаттык Медиа» мекемесине парламенттин ишин чагылдыруу үчүн акредиттик ырастаманы убактылуу токтотту. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.**

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин хостинг/интернет провайдерлери жана байланыш операторлору аркылуу «Азаттык Медиа» сайттарынын ишин **эки айлык мɵɵнɵткɵ токтотуу жɵнүндɵгү чечиминин негизинде** ЖМК ɵкүлдɵрүн аккредиттɵɵ тууралуу комиссия ЖМК журналисттерин ЖКга аккредиттɵɵ жɵнүндɵгү эрежеге ылайык, **парламенттин ишин чагылдыруу үчүн** «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлерине берилген аккредиттик ырастаманы 2022-жылдын 17-ноябрынан тартып белгиленген мɵɵнɵткɵ чейин токтотту.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы маселеси каралат. Жыйынга президент Садыр Жапаров да катышары [айтылган.](http://localhost/info-portal/news/2022/11/16/sadyr-zhaparov-erte-zhogorku-ke-eshtin-kyrgyz-zbek-chek-ara-maselesi-karalgan-zhyjynyna-katyshat/) 

Ал эми 15-ноябрда болсо Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуунун долбоорун жактырып, аны Жогорку Кеңеште үч окууда бир кароого жөнөткөн.

---

Белгилей кетсек, 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Министрликтин билдирүүсүндө “маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү” айтылат.

> “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн – авторитардык ыкма экенин билдирген.

Акыркы айларда өлкөдө бийликтин позициясы менен макул болбогон саясатчылар, жарандык активисттер жана журналисттер куугунтукка алынууда. 23-октябрдан бери Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы чыккан 30дай адам кармалып, алар эки айга [камакка алынган](http://localhost/info-portal/news/2022/10/31/kempir-abaddyn-berilishin-synga-alyp-kamalgandardyn-sany-26ga-zhetti/).