> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк суроо-талапты кандыруу үчүн валюта рыногуна 55.2 млн доллар сатты
- URL: https://im.kg/all/2022/11/17/uluttuk-bank-suroo-talapty-kandyruu-ch-n-valjuta-rynoguna-55-2-mln-dollar-satty/
- Published: 2022-11-17T10:05:04.000Z
- Updated: 2022-11-17T10:05:06.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк кечээ, 16-ноябрда долларга болгон суроо-талапты канааттандыруу үчүн тескери интервенция жүргүзүп, валюта базарына 55.2 млн доллар сатты. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды.**

Белгилүү болгондой, валютанын бир бөлүгү – **3.5 млн доллар** бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен сатылган. Калган **51.7 млн доллар** башка күндөгү эсептешүү менен сатылат.

Бул доллар сатуу боюнча быйылкынын эсебинен алтынчы интервенция болуп саналат. Ушундай эле бүтүмдөр 12-27-январда, 24-февралда, ошондой эле 4-10-мартта болгон.

> Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда валюталык каатчылык орун алууда. Өткөн жуманын аягында Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайлардын дээрлик баарында доллар [түгөнүп калган](http://localhost/info-portal/news/2022/11/11/valjuta-krizisi-akcha-almashtyruu-zhajlarynda-dollar-takyr-zhok-banktar-alarga-valjuta-satpaj-zhatyptyr/).

Ошол эле учурда долларды сатып алуу боюнча жети интервенция жүргүзүлгөн. Эң чоңу – 59.15 млн долларга сатып алуу 24-июнда болгон.