> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек ЖЭБине казакстандык көмүрдүн биринчи партиясы келди
- URL: https://im.kg/all/2022/11/18/bishkek-zhebine-kazakstandyk-k-m-rd-n-birinchi-partiyasy-keldi/
- Published: 2022-11-18T14:11:24.000Z
- Updated: 2022-11-18T14:14:26.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкек ЖЭБине казакстандык көмүрдүн биринчи партиясы келди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.**

> Эске салсак, «Электр станциялары» ААКсы «Каражыра» ААКсы менен импорттук D классындагы 400 миң тонна көмүрдү тоннасын 53.45 доллардан алып келүү боюнча келишим түзгөн. Көмүр менен камсыздоо графикке ылайык, 2022-жылдын ноябрь айынан 2023-жылдын май айына чейин жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө ЖЭБдин аймагында 172 миң тоннадан ашык көмүр бар жана күнүмдүк керектөө суткасына 7.2 миң тоннаны түзөт.

Күз-кыш мезгилин өтүүгө Бишкек ЖЭБине жалпысынан **1.5 млн тонна көмүр** керектелет, анын ичинен 400 миң тоннасы импорттук көмүр, 1 млн 100 миң тоннасы кыргыз көмүр, анын 1 млн 50 миңи Кара-Кече кенинен, 50 миңи Таш-Көмүр кенинен алынып келинет.