> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
- URL: https://im.kg/all/2022/11/18/kyrgyzstanda-google-pay-pajda-boldu-birok-bul-funkciya-azyryncha-besh-gana-bankta-bar/
- Published: 2022-11-18T12:12:29.000Z
- Updated: 2022-11-18T13:39:24.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда сатып алган товарларга смартфон аркылуу төлөөгө мүмкүндүк берген Google Pay кызматы ишке кирди. Бир нече коммерциялык банктарда бул функция пайда болду. [Economist.kg](http://economist.kg/) Google Pay функциясы бар банктардын тизмесин сунуштайт.**

Google Pay – бул сатып алуулар үчүн тез жана ыңгайлуу төлөөгө мүмкүндүк берген сервис. Бул дүкөндөрдө, коомдук транспортто, ошондой эле тиркемелерде жана веб-сайттарда **кызматты же акыны төлөө үчүн** мобилдик телефонуңузду колдонууга мүмкүндүк берет.

> Кызматты колдонуу үчүн NFC модулу бар Android смартфонуна ээ болуу жана ага картаны шилтемелөө керек. Төлөө үчүн, мобилдик аспап арткы панелден контактсыз терминалга жакындатылат.

#### Google Pay фукнциясы бар банктар:

- «Халык банк»
- «Кыргызстан»
- «Керемет»
- «Бай-Түшүм»
- «Бакай»
- «РСК»

Белгилей кетсек, iOS негизиндеги смартфондордуна дагы Apple Pay каралган. Аны банктар туташтырабы жана кайсы убакта туташтырат ал азырынча айтыла элек.