> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы 10 миң жарды үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет
- URL: https://im.kg/all/2022/11/21/2023-zhyly-10-mi-zhardy-j-b-l-g-biznes-achuu-ch-n-100-mi-somdon-berilet/
- Published: 2022-11-21T13:59:31.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:36:22.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Келерки жылы Кыргызстанда 10 миңдей жакыр үй-бүлөгө жөлөкпулдун ордуна жеке бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет. Бул маалыматты Эмгек министрлиги берди.**

Министрлик быйылкы жылдан тартып элди жакырчылыктан чыгаруу боюнча жаңы активдүү чараларды ишке ашырып жатканын билдирди. Мамлекет кирешеси аз үй-бүлөлөр менен социалдык келишимдерди түзүп, ага жараша **чакан ишкана ачуу үчүн 100 миң сом төлөөсүз берет.**

Быйылкы жылдын башынан бери 2 900 үй-бүлө өз ишканаларын (теплица, брусчатка куюу, унаа оңдоо, ширетүүчү жайларды, мал чарбачылык, жеке чарбалар ж.б.) ачышты, деп билдирет министрлик.

> Кийинки жылы Эмгек министрлиги мындай келишимдерди **10 миң жарды үй-бүлө менен** түзүүнү пландоодо. «Негизги принцип — балык эмес, кайырмак берүү», — деп эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин сөзүн келтирди басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, бизнес ачуу үчүн бир жолку төлөм алуучулар мамлекеттик жөлөкпулдарды алуудан баш тартышы керек.