> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы турак-жай курууга кошумча 10 млрд сом бөлүнөт
- URL: https://im.kg/all/2022/11/21/2023-zhyly-turak-zhaj-kuruuga-koshumcha-10-mlrd-som-b-l-n-t/
- Published: 2022-11-21T16:02:20.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:36:31.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетине Кыргызстанда турак-жай курууга кошумча 10 млрд сом бөлүү сунушталды. Каражат комплекстүү өнүктүрүү долбоорлоруна жана жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди каржылоого жумшалат.**

Экономика министрлиги өкмөткө Кыргызстанда турак жай курулушун кошумча каржылоону сунуштады. Мекеме бул үчүн 2023-жылдын бюджетине **10 млрд сом** бөлүүнү зарыл деп эсептейт, бул тууралуу “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак-жай программасына өзгөртүүлөр киргизүү долбоорунда көрсөтүлгөн.

> Өзгөртүүлөрдүн авторлору Финансы министрлигине республикалык бюджеттен суралган сумманын негиздемесин жөнөтүштү: 2023-жылга турак жайларды комплекстүү куруу үчүн 6 млрд сомдон кем эмес, ал эми “Менин үйүм 2021-2026” программасынын катышуучуларын каржылоо үчүн 4 млрд сомдон кем эмес каражат керек. 

Азыркы мамлекеттик турак жай программасында турак жай менен камсыз кылуунун параметрлери көрсөтүлгөн, анын максаты – Кыргызстандын ар бир тургунун 18 чарчы метр турак жайы менен камсыз кылуу. Бүгүнкү күндө бир кыргызстандыкка 12.5 чарчы метр турак жай туура келет. 2021-жылдын аягында турак жай фондусунун жетишсиздиги 34 млн чарчы метрди түзгөн.

Бир адамга 18 чарчы метр турак-жай куруунун нормасына жетишүү үчүн өлкөдө жылына 2.2 млн чарчы метр турак-жай куруу керек. Акыркы жылдары республика боюнча курулуштун темпи 1 млн чарчы метрден бир аз ашат.