> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылга чейин кыргызстандыктардын орточо айлык акысы 29 миң сомдон ашат
- URL: https://im.kg/all/2022/11/21/2025-zhylga-chejin-kyrgyzstandyktardyn-ortocho-ajlyk-akysy-29-mi-somdon-ashat/
- Published: 2022-11-21T18:30:55.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:36:59.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда орточо айлык маяна 2023-жылда 25 миң сомду түзүп, 2025-жылы 29.3 миң сомго чейин жогорулайт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 2023-жылдын бюджети боюнча долбоорунда айтылат.**

Ведомствонун болжолдоолоруна ылайык, 2023-2025-жылдарга карата калктын кирешесинин өсүүсү уланат: жалпысынан **722.8 млрд сом**, **799.1 млрд сом** жана **873.3 млрд сомду** түзөт.

Ал эми киши башына ИДП 2023-жылы **1.5 миң долларды** түзүп, 2025-жылга чейин **1.7 миң долларга** чейин өсөт.