> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда ишкер айымдар үчүн жеңилдетилген насыя берүү программасы ишке кирди
- URL: https://im.kg/all/2022/11/21/kyrgyzstanda-ishker-ajymdar-ch-n-zhe-ildetilgen-nasyya-ber-programmasy-ishke-kirdi/
- Published: 2022-11-21T12:02:58.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:27:00.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Былтыр минкаб тарабынан бекитилген 2026-жылга чейин аялдардын ишкердигин өнүктүрүү программасы ишке ашырылууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда, Экономика министрлигинин ишкердик чөйрөнү өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Муса Катаганов маалымат жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, бул программанын алкагында бир катар министрликтер жана мамлекеттик органдар үчүн аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча беш иш-чара белгиленген.

> «Экономика министрлиги аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоорун демилгеледи, анда “аялдар ишкердиги” деген түшүнүктүн өзү аныкталып берилген. Мындан тышкары, аялдарга каржылоого оңой жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү иш чаралары каралган», – деди Катаганов.

Ал ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы бөлгөн **500 миң доллар** бир айлануудан өткөнүн белгиледи.

> «2020-жылы ишкер аялдарды жеңилдетилген каржылоо программасы ишке ашырылган. Быйыл ал долбоор кайрадан ишке кирди. Жана ушул программанын алкагында каражаттын негизги бөлүгү – 60%ы – аймактардагы ишкер аялдарды каржылоого багытталат», – деп жыйынтыктады ал.

Анын айтымында, **300 миң сомго чейинки** кредиттер 6% менен берилет.