> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуу 8-январга чейин созулат
- URL: https://im.kg/all/2022/11/21/kyrgyzstanda-zha-y-zhyldyk-es-aluu-8-yanvarga-chejin-sozulat/
- Published: 2022-11-21T14:32:14.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:36:26.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Эмгек министрлиги 2023-жылдагы дем алыш күндөрү жөнүндө токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Кыргызстандыктар Жаңы жылда сегиз күн, Ноорузда төрт күн эс алышат.**

Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылып, минкабдын [сайтында](https://www.gov.kg/ru/npa/s/4229) жарыяланды. Эс алуу күндөрүн туура пайдалануу максатында документте жумуш күндөрүн которуу сунушталат.

##### 2023-жылдын төмөнкү күндөрү дем ​​алыш күндөрү болмокчу:

- 1-январдан 8-январга чейин;
- 18-марттан 21-мартка чейин;
- 5-майдан 9-майга чейин;
- 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин.

Алардын ордуна, 2023-жылы бул ишемби күндөрү иш күнү болуп эсептелет: 25-февраль, 11-март, 25-март, 29-апрель, 13-май жана 11-ноябрь.

Сунушталып жаткан эмгек календары жумасына беш күн иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелер жана ишканаларга тийиштүү. Жеке ишканаларга да ошол эле график менен иштөө сунушталат.