Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуу 8-январга чейин созулат

Эмгек министрлиги 2023-жылдагы дем алыш күндөрү жөнүндө токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Кыргызстандыктар Жаңы жылда сегиз күн, Ноорузда төрт күн эс алышат.

Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылып, минкабдын сайтында жарыяланды. Эс алуу күндөрүн туура пайдалануу максатында документте жумуш күндөрүн которуу сунушталат.

2023-жылдын төмөнкү күндөрү дем ​​алыш күндөрү болмокчу:
  • 1-январдан 8-январга чейин;
  • 18-марттан 21-мартка чейин;
  • 5-майдан 9-майга чейин;
  • 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин.

Алардын ордуна, 2023-жылы бул ишемби күндөрү иш күнү болуп эсептелет: 25-февраль, 11-март, 25-март, 29-апрель, 13-май жана 11-ноябрь.

Сунушталып жаткан эмгек календары жумасына беш күн иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелер жана ишканаларга тийиштүү. Жеке ишканаларга да ошол эле график менен иштөө сунушталат.