> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын банктары биринчи жолу рекорддук суммада - дээрлик 20 млрд сом киреше алышты
- URL: https://im.kg/all/2022/11/21/kyrgyzstandyn-banktary-birinchi-zholu-rekordduk-summada-deerlik-20-mlrd-som-kireshe-alyshty/
- Published: 2022-11-21T09:37:45.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:41:38.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын коммерциялык банктарынын жалпы кирешеси 2022-жылдын январь-октябрь айларында Улуттук банктын алдын ала маалыматы боюнча 19 млрд 730 млн сомду түздү.**

Отчеттук мезгилде алынган таза кирешенин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5.6 эсеге көп: былтыр банктар **3 млрд 528 млн сом** пайда алышкан.

> Алынган пайданын көлөмү **Кыргызстандын бүткүл тарыхындагы рекорддук көрсөткүч.** Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча банктардын жалпы кирешеси болгону 3.6 млрд сомду, 2020-жылы 2.3 млрд сомду, 2019-жылы 3 млрд сомду түзгөн.