Кыргызстандын банктары биринчи жолу рекорддук суммада - дээрлик 20 млрд сом киреше алышты
Кыргызстандын коммерциялык банктарынын жалпы кирешеси 2022-жылдын январь-октябрь айларында Улуттук банктын алдын ала маалыматы боюнча 19 млрд 730 млн сомду түздү.
Отчеттук мезгилде алынган таза кирешенин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5.6 эсеге көп: былтыр банктар 3 млрд 528 млн сом пайда алышкан.
Алынган пайданын көлөмү Кыргызстандын бүткүл тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча банктардын жалпы кирешеси болгону 3.6 млрд сомду, 2020-жылы 2.3 млрд сомду, 2019-жылы 3 млрд сомду түзгөн.