> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан» темир жолун курууга 3 млрд доллардан 5 млрд долларга чейин каражат керек болот
- URL: https://im.kg/all/2022/11/21/kytaj-kyrgyzstan-zbekstan-temir-zholun-kuruuga-3-mlrd-dollardan-5-mlrd-dollarga-chejin-karazhat-kerek-bolot/
- Published: 2022-11-21T15:00:22.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:21:48.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемесин 2023-жылдын апрелине чейин бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда, Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында минкаб башчысы Акылбек Жапаров билдирди.**

Депутат Айбек Алтынбеков Кыргызстандагы эң ири долбоорлор боюнча суроо берди. Жапаров учурда бул Камбар-Ата ГЭС-1 жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу экенин айтып жооп берди.

Анын айтымында, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолуна **3 млрд доллардан 5 млрд долларга чейин** каражат сарпталат. ГЭС боюнча азырынча так маалымат жок, бирок ага дагы 3-5 млрд доллардык каражат жыйналат.

> «Камбар-Ата ГЭСи үчүн Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) 2 млн доллар алалы дегенбиз, бирок, тилекке каршы, санкциялардан улам ала албадык. Эми биз Дүйнөлүк банктан алып жатабыз. Ошондой эле россиялыктарга **5.5 млн долларга** техникалык-экономикалык негиздеме заказ бергенбиз, курулуш жана даярдык иштери келерки жылдын аягына чейин бүтүрүлөт», – деди Жапаров.