> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ташиев Талас облусунда дагы бир жаңы УКМК имаратын ачты
- URL: https://im.kg/all/2022/11/21/tashiev-talas-oblusunda-dagy-bir-zha-y-ukmk-imaratyn-achty/
- Published: 2022-11-21T17:22:10.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:36:44.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 21-ноябрда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аталган ведомствонун Талас облусунун Кара-Буура районундагы филиалынын жаңы имаратынын ачылышына катышты.**

Маалым болгондой, атайын кызматтын жаңы курулган бөлүмү кызматкерлерге керектүү заманбап жабдуулар менен жабдылып, иштөө шарттары талапка жооп берет.

> «УКМКнын төрагасы Кыргызстандын бардык облустарында жана райондорунда УКМКнын кызматкерлерине милдеттерин так аткаруу зарылчылыгы үчүн шарттар түзүлүп жатканын эскертти», – деп билдирет басма сөз кызматы.

Эске салсак, Ташиев сентябрдын башында Кыргызстанда УКМК үчүн 50гө жакын жаңы имарат курулганын [билдирген](https://economist.kg/novosti/2022/09/06/tashiev-rasskazal-o-50-novyh-zdaniyah-postroennyh-dlya-gknb/).

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/WhatsApp-Image-2022-11-21-at-14.57.02-1.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/WhatsApp-Image-2022-11-21-at-14.57.02-1.jpeg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/WhatsApp-Image-2022-11-21-at-14.57.02-2.jpeg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/WhatsApp-Image-2022-11-21-at-14.57.02-2.jpeg)