Ысык-Көлдө 20 млн долларлык эл аралык спорт комплекси курулат

Минкаб Ысык-Көл облусунда эл аралык спорт комплексин куруу боюнча чечим кабыл алды. Анда спорттун 30 түрү боюнча спортчулар машыгышат.

Спорт комплексин куруу үчүн өкмөт Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылынан 72.2 гектар жерди Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна өткөрүп берди.

«Аталган участок ондогон жылдар бою начар колдонулуп, кароосуз калган жана тез арада жакшыртууну жана өнүктүрүүнү талап кылат», – деп минкаб жыйынында айтылды.

Долбоорго жараша жыл бою иштей турган спорт комплекси курулмакчы, анда улуттук курама командалардын мүчөлөрү жана спорттун 30 түрү боюнча башка спортчулар машыгып, ошондой эле ден соолугун калыбына келтиришет.

Участкадагы иштер 2023-жылдын жазында башталат. Долбоордун алдын ала баасы 20 млн долларды түзүп, каражат КР Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнөт. Фонд ошондой эле сырттан да каражат тартууну көздөп жатат.