> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2023-жылы жашоо минимуму болгону 600 сомго көтөрүлүшү мүмкүн
- URL: https://im.kg/all/2022/11/22/2023-zhyly-zhashoo-minimumu-bolgonu-600-somgo-k-t-r-l-sh-m-mk-n/
- Published: 2022-11-22T10:00:33.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:37:09.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлиги 2023-жылы жашоо минимуму 7.8 миң сомго чейин көбөйөт деп болжолдоодо, бул азыркы деңгээлден 600 сомго көбүрөөк. Бул тууралуу 2023-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунда айтылат.**

Ведомство 2024-жылы жашоо минимуму **8.4 миң сомдун**, ал эми дагы бир жылдан кийин **8.8 миң сомдун** тегерегинде болорун болжолдоодо.

Ошондой эле, 2023-2025-жылдары иштегендердин саны 1.5%га өсөт болжолдонууда. Жакынкы келечекте жумуштуулуктун өсүшүн эсепке алсак, жалпы жумушсуздуктун деңгээли 5.2%дан 5.1%га чейин төмөндөшү болжолдонууда.