2023-жылы жашоо минимуму болгону 600 сомго көтөрүлүшү мүмкүн
Финансы министрлиги 2023-жылы жашоо минимуму 7.8 миң сомго чейин көбөйөт деп болжолдоодо, бул азыркы деңгээлден 600 сомго көбүрөөк. Бул тууралуу 2023-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунда айтылат.
Ведомство 2024-жылы жашоо минимуму 8.4 миң сомдун, ал эми дагы бир жылдан кийин 8.8 миң сомдун тегерегинде болорун болжолдоодо.
Ошондой эле, 2023-2025-жылдары иштегендердин саны 1.5%га өсөт болжолдонууда. Жакынкы келечекте жумуштуулуктун өсүшүн эсепке алсак, жалпы жумушсуздуктун деңгээли 5.2%дан 5.1%га чейин төмөндөшү болжолдонууда.